• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Шашылыш билдирүү

    1-апрелде күндүз жана 2-4-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 2-апрелде жаан карга айланышы, тоолордо, тоо этектеринде кар жаашы, 3-4-апрелде кар, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 3-4-апрелде абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 30-мартынан 2-апрелине чейин жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары, (Көк-Бел ашуусу) 351-365 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-110 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш авто унаа жолунун 1-9 чакырымдары, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44чм), Бишкек-Нарын-Торугат авто унаа жолунун (Долон ашусуу) 289-291, 297-298 чакрымдары, Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-10 чакырымдары, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

    

    31-мартта жана 1-2-апрелде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

    31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

    Абанын температурасы °С31.03.2017 01.04.2017 02.04.2017
    Түнкүсүн төмөнкүКүндүз жогоркуТүнкүсүн төмөнкүКүндүз жогоркуТүнкүсүн төмөнкүКүндүз жогорку
    Бишкек2...416...186...813...152...46...8

    31-мартта жана 1-2-апрелде Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

    31-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 1-2-апрелде жаан-жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

    Абанын температурасы °С31.03.2017 01.04.2017 02.04.2017
    Түнкүсүн төмөнкүКүндүз жогоркуТүнкүсүн төмөнкүКүндүз жогоркуТүнкүсүн төмөнкүКүндүз жогорку
    Ош4...614...167...915...176...810...12
    

    Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

    түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөй, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


    Абанын температурасы: түнкүсүн 0C күндүз 0C
    Чүй жана Талас областтары
    Чүй өрөөнүндө 1...6 14...19
    Талас өрөөнүндө 0...5 12...17
    Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары
    Дыйканчылык аймактарда 2...7 13...18
    Баткен областында 2...7 13...18
    Ысык-Көл жана Нарын областтары
    Ысык-Көл областында -3...+2 6...11
    Нарын областында -3...-8 2...7

    1-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде, 1-апрелде эртең менен жана күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде күндүз айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

    Чүй жана Талас областтарыАбанын температурасы төмөндөйт.
    Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары Абанын температурасы төмөндөйт.
    Ысык-Көл областы Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
    Нарын областы Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 30.03.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.