Кыргызгидромет

  • Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • Кыргызгидрометте салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

    2018-жылдын 31-майында КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин (Кыргызгидрометтин) жыйындар залында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Агенттиктин түзүмдүк жана тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенишкен кызматкерлер Р.Ерматов, Т.Ильясов, Т.В.Окулич-Казарина, Г.А.Сураевалар КР ӨКМдин медалы,Алкыш баракчалары жана Агенттиктин алкыш баракчалары менен сыйланышты.

    Ошондой эле ӨКМде жана Кыргызгидрометте 11 жыл кызмат өтөп келген татыктуу жетекчи, билимдүү адис, жумушуна так, эмгекчил, көздөгөн максатына жеткен иш билгилүү директордун орун басары К.Ч.Сагынов Мааракелүү жаш курагына байланыштуу эс алууга чыгып, бүгүн кызмат ордунан бошоп кетип жаткандыгына байланыштуу, ага негизги көңүл бурулуп, агенттиктин директору З.С.Итибаев К.Ч.Сагыновдун Кыргызгидрометтин ишин алга жылдырууга зор салым кошкондугун, анын адамдык жана аткаруучулук, жетекчилик, уюштуруучулук мыкты сапаттарын белгилеп өттү. Агенттиктин директору З.С.Итибаев К.Ч.Сагыновго Агенттиктин атынан ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырып, К.Ч.Сагыновго үй-бүлөлүк турмушта мындан ары да зор ийгиликтерге жете беришин каалады. Агенттиктин айрым кызматкерлери К.Ч.Сагыновго арнап мыкты атуулдук сезимдерди козгогон ырлардан аткарып беришти. Канатбек Чолпонбаевич, кутман курагыңыз кут болсун!

    Канатбек Чолпонбаевич Сагынов, 1953-жылы 28-апрелде Ыссык-Ата районуна караштуу Красный-Восток айылында туулуп өскөн. Финансылык билим алган. 2011-чи жылдан тартып 2018 жылдын июнь айына чейин КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде кызматын аткарды. Өз кызматында жумушунда кемчиликтерге жол бербей, ар кандай демилгелерди көтөрүп ишин так аткарып келген. Кыргызгидрометтин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өзүнүн зор салымын кошту.

    Экономика жана финансы иштерине өз салымын кошкондугу үчүн көптөгөн Мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.

    "
    "; "

    "; "

    "; "

    "; "

    "; "

    "; "

    "; ""; "
    ";
    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 16.08.2018
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.