• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    90 жылдыкка арналаган семинардын - жыйынтыктары

    КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги 2016-жылдын 28-июлунда Финляндиялык метеорологиялык институтунун “ФИНКМЕТ ”долбоорунун колдоосу менен “Кыргызгидромет: Тарых жана өнүгүү жолдору” аталыштагы эл аралык өнөктөштөр арасында, агенттиктин 90 жылдык мааракесине арналган семинар “Европа” мейманканасынын, конгресс залында уюштурулду.

    Семинарга Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы боюнча Кыргызстандагы өкүлү , Россия, Казахстан, Тажикстан гидрометеорология боюнча өкүлдөрү, Швейцария метеорологиялык бюросунун өкүлү, Германия мамлекетинин GIZ программасы боюнча кеңешчиси , Финляндиялык метеорологиялык институтунун жана Борбордук Азиядагы жерди изилдөө институтунун өкүлдөрү, КР улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз-славян жана Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү ошондой эле гидрометеорология менен тыгыз байланышта иш алып барган мамлекеттик органдар катышып өз ойлорун ортого салышты.

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги мындан ары дагы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуусун улантаары белгиленди.

    Семинардын салтанаттуу бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Бакиров Мирлан Исакбекович, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министри Кубатбек Боронов 90 жылдык мааракеге арналган куттуктоолорун айтып, белектерин беришти

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министри Кубатбек Боронов Кыргызгидрометеорлогия кызматында үзүрлүү эмгектенген, өзүнүн кызматтык милдеттерине жогорку мамилеси менен айырмаланган кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.

    Агенттиктин директору З.С.Итибаев, Гидрометеорологиялык кызматынын 90 жылдык мааракесинин урматына “Гидрометеорологиялык кызматтын отличниги” төш белгиси менен өзгөчө салым кошкон кызматкерлерин сыйлады жана “Гидрометеорология кызматына 90 жыл” мааракелик төш белгилерин тапшырды.

    Семинардын аягында, Кыргызгидрометтин түптөлүшү жана өнүгүүсү боюнча даректүү тасма көрсөтүлүп, майрамдык концерт тартууланды.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 22.09.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.