• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Аттестациянын жыйынтыктары

    22-август 2016-жыл

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №141токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү Жобосунун” негизинде Кыргызгидрометтин кызматкерлеринин кесиптик билимдерин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызматына шайкеш келишин аныктоо, кесиптик чеберчилигинин, квалификациясын көтөрүү максатында жана КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин 2016-жылдын 2-июнундагы №102/к “Агенттиктин инженердик-техникалык курамын аттестациялоо жөнүндө” буйругунун негизинде аттестациялык комиссия, 2016-жылдын 22-августунда инженердик-техникалык кызматкерлерин аттестациядан өткөрүштү.

    Аттестацияны Чүй облусунун “Бишкек” бириккен гидрометеорологиялык станциясынын, II баскычтагы “Токмок” метеорологиялык станциясынын, Талас облусунун “Кызыл Адыр” бириккен гидрометеорологиялык станциясынын, II баскычтагы “Тянь-Шань-Кумтор” метеорологиялык станциясынын жана борбордук аппараттын кызматкерлери тапшырышты. Жалпы 30 кызматкер аттестациядан өтүштү.

    Аттестациялык комиссиянын төрагасы Рыскелди Галиевич Асанходжаев отурумду ачып, аттестация тапшырып жаткан кызматкерлерге ийгилик каалап кетти. Аттестацияда кызматкерлердин ээлеген кызматына дал келүүсү тест аркылуу текшерилип, андан соң аңгемелешүү этабына киргизилди, жыйынтыгында ар бир кызматкерге билимине жараша тиешелүү категория ыйгарылып, айрым кызматкерлер Агенттиктеги кадрлардын ички резервине киргизилди.



    Агенттиктин директорунун орун басары Р.Г.Асанходжаев Комиссиянын төрагасы



    Комиссиянын мүчөлөрү иш жүзүндө



    Кызматкер аттестациянын жыйынтыгы менен таанышууда

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 23.11.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.