• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Биргелешкен жыйын өттү

    25-август, 2016-жыл

    КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин 2016-жылдын 13-январындагы “Комиссияларды дайындоо жөнүндө” № 03 буйругу менен бекитилген коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу, этика боюнча комиссияларынын биргелешкен кеңейтилген жыйыны өткөрүлдү.Жыйында агенттиктин директорунун орун басары К.Ч.Сагынов катышып, 2016-жылдын 30-майындагы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана 2016-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы кабыл алынган “Этика кодекси” боюнча кадрдык иштер жана иш кагаздар башкармалыгынын начальниги, Этика комиссиясынын төрайымы Нурийла Токтомаматовна Жумабаева мамлекеттик кызматкерлерге кеңири маалымат берди.

    Андан соң, коррупция менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча комиссиянын катчысы , метеорология жана климат бөлүмүнүн башкы адиси Вера Асанкановна Кокулова 2016-жылдын 30-апрелиндеги бекитилген иш чаралардын планы боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп жана конфликт кызыкчылыктарын баалоо, жоюу жана жөнгө салуу, мамлекеттик сатып алууларда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө коррупцияны азайтууда күтүлгөн натыйжалар боюнча айтып кетти.

    2012-жылдын 8-августундагы № 153 Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамындагы коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-февралындагы № 90 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча убактылуу колдонмодогу “Таламдардын кагылышынын пайда болуу себептери жана шарттары боюнча” кеңири түшүнүктөр берилди.



    Жыйындын соңунда агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Чолпонбаевич Сагынов, ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзамда белгиленген талаптарды так аткаруусу керектиги боюнча өз оюн айтуу менен жыйынтыктады.



    Кадрдык иштер жана иш кагаздар башкармалыгынын начальниги Этика комиссиясынын төрайымы Н.Т.Жумабаева



    Маалымат берүү учуру

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 23.11.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.