• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Жыйындагы маселелер

    2016-жыл 14-сентябрь КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорлогия боюнча агенттигинде аппараттык жыйын болуп өттү. Агенттиктин директору З.Итибаев аппараттык жыйында агенттиктин ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат алды.

    Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы №818 токтомун аткарууну эске алуу менен “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык ишмердүүлүк жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толутоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат жана экология комитетинде кароого даярдалган, 2016-жылдын 23- июнунда мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңешинде биринчи окууда каралып чыгып бир добуштан кабыл алынган. Экинчи окуусу 2016-жылдын сентябрь айында карала тургандыгы белгиленген. Долбоорго негиздеме жана Кыргызгидрометтин ишмердүүлүгү боюнча 2 билдирүү даярдалганы маалымдалды. Жогорудагы белгиленген мыйзамга КР Жогорку Кеңешинин жыйынында 2-окууда кароого берүү үчүн өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгы маалымат катары айтылды.

    Агенттиктин директору З.Итибаев жогорудагы белгиленген ченемдик укуктук акты кабыл алынаары менен тиешелүү иштер жүргүзүлөөрүн белгилеп кетти, ошондой эле агенттиктин гидрометерологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгында гидрологиялык мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн (суунун агымын, деңгээлинен көтөрүлүшү) жабдуулардын жетишсиздиги, айрымдары жараксыз болуп калгандыгы агенттикте көйгөйлүү маселелерден болуп келе жаткандыгына токтолуп, жабдууларды толуктоо, алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилөө менен аппараттык жыйынды жыйынтыктады.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 15.12.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.