• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!

    2016-жылдын 23-сентябрында. КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу жыйыны өткөрүлдү. Жыйынды агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Сагынов ачып, кызматкерлерди куттуктап, мамлекеттик тилде сүйлөө жана аны өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин белгилеп кетти. Кыргызгидрометтин орус улутундагы кызматкери Юлия Алькинанын кыргыз тилинде даярдаган аба ырайы жөнүндө маалыматы угулду. Агенттикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кызматкерлерди кыргыз тилин окутуу боюнча акыркы беш жылда иштелген иштердин жыйынтыктары жөнүндө презентация аркылуу Кадрдык иштер жана иш кагаздар башкармалыгынын начальниги Нурийла Жумабаева маалымдады. Андан соң куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынан келген өкүлгө сөз берилип, ал сөзүнүн жыйынтыгында жогорудагы аталган комиссиянын төш белгисин, ардак грамоталарын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө зор салымын кошкон агенттиктин директоруна жана айрым кызматкерлерге тапшырды.

    Агенттиктин директорунун орун басары, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тил комиссиясынын төрагасы Канатбек Сагынов агенттиктин айрым кызматкерлерине алкыш баракчаларын жана ардак грамоталарын тапшыруу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштер алгылыктуу жүрүп жаткандыгын айтып, ошол эле мезгилде алдыда дагы көйгөйлүү маселелерди ишке ашыруу үчүн биргелешип күчүбүздү жумшашыбыз керектигин, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бир жылдык иш эмес экендигин белгилеп, мындан ары дагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын талаптарын аткаруу боюнча уюштуруучулук иштер улантылаарын жана иш кагаздардын мамлекеттик тилде туура жазууга өзгөчө көңүл бурулуп жана катуу талаптар коюларын айтуу менен сөзүн жыйнтыктады.

    Жыйындын ачылышы

    Презентация учуру

    Сыйлыктарын тапшыруу

    Юлия Алькинанын кыргызча аба ырайы боюнча маалымат берүү учуру

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 22.09.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.