• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Сыйлыгыңыз кут болсун!

    Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгынын урматына, Кыргызстандын маданий мурастарын, коомдук-экономикалык, республиканын интеллектуалдык жана руханий дараметин, жемиштүү иштери, эрдиги жана тайманбастыгы , көптөгөн жылдар бою мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн бир катар кызмат адамдарына мамлекеттик сыйлыктарын тапшырган.

    Сыйлык тапшыруу аземине, КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын, атмосферанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Наталья Федичкина катышып, КР Президенти Алмазбек Атамбаев “Даңк” медалын тапшырган.

    2016-жылдын 14-октябрында Гидрометеорология боюнча агенттигинин атайын аппараттык жыйынында Н.Федичикинаны жогорку сыйлыгы менен агенттиктин директору жана жалпы жамаат куттуктап, ишине ийгилик каалап кетишти. Талыкпаган эмгек гана ушундай жогорку сыйлыкка жеткирээрин белгилөө менен, агенттикте иштеген жаш кызматкерлерге Н.Федичкинадан насаатчы катары үлгү алуусун –агенттиктин директору Зарылбек Итибаев белгилеп, жыйын эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 23.11.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.