• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Кеңейтилген жыйын өткөрүлдү

    КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде 2016-жылдын 28-октябрында областык, райондук сеттик түйүндөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлер арасында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Жыйынды агенттиктин директору Зарылбек Итибаев ачып, каралчу маселелерге токтолуп, өз оюн айтуу менен сөздү агенттиктин кесиптик бирлигинин төрайымы Людмила Нышанбаевага берди. Агенттиктин ардагерлерине жана өрт кырсыгынан жабыркаган “Байтик” метеостанциясынын жогорку даражадагы техник-метеорологу Т.Кадырбековго материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылууларга кандай колдоо корсото аларыбыз айтылды жана бир добуштан бир күндүк эмгек акы маянадан которуп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

    Жыйында техникалык коопсуздук боюнча маселе каралып, агенттиктин техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча инженер Калыбек Бөрүбаевге 2016-жылдын 10-ноябрына чейин бардык сеттик түзүмдөр жана кыматкерлер арасында коопсуздук техникасын, өндүрүштүк санитарияны, өрткө каршы коргонуу, жабдыктардын техникалык абалы, сактоочу жана коргоочу түзүлүштөрдү, желдетүүчү системалар боюнча тиешелүү түшүндүрүү жана тааныштыруу иштерин аткаруу жагы тапшырылды

    Жогорудагыдан сырткары КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин айрым кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана Кыргыз Республикасынын кесиптик бирлиги кызматкерлеринин, көп жылдык кесип бирлигинде активдүү иштегендигине байланыштуу кесиптик майрамына карата Кыргызстандын авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин президиумунун токтому менен “Ардактуу белгиси” төш белгилери менен Людмила Нышанбаева жана Татьяна Кожевникова, ошондой эле Данияр Төлөгөнов жана Айкөкүл Саматова ардак грамоталары менен сыйланды.

    Агенттиктин директору Зарылбек Итибаев сыйлыктар өзү эле келе бербесин айтып, талыкпаган эмгектин жыйынтыгы менен берилерин белгилеп дагы бир жолу сыйлык ээлерин куттуктап сөзүн жыйынтыктады.







    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 23.11.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.