• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Көңүлдүн борборунда-окуу борбору 16.11.2016ж.

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин алдындагы Гидрометеорлогиялык боюнча агенттиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын июнь айында кадрдык дараметин өнүктүрүү жана агенттиктин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон-Ата” көл обсерваториясынын базасында Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен “Борбордук Азияда гидрометерологиялык кызматты өркүндөтүү” регионалдык долбоорунун негизинде окуу борбору ишке киргизилген. Окуу борборунда интерактивдүү класс ачылып жана заманбап кеңселик жабдуулар менен жабдылган.

    Окуу борборунун экинчи кабатында толук ондоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, квалификациясын жогорулатууга келген кызматкерлерге шарттарды түзүү маселелери каралууда.

    Азыркы учурда ФИНКМЕТ долбоорунун алкагында дарс окулуучу класстын жабдылышы боюнча маселе, ошондой эле гидрология, метеорология, актинометрия, кар көчкүгө каршы коопсуздук ж.б.у.с. 500 жана 72 сааттык окуу модулдары иштелип чыгып, Кыргыз-Орус- Славян университетинин тиешелүү кафедрасына рецензиялоого берилген.

    2014-жылдын 23-июлундагы КР Өкмөтүнүн № 412 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык окуу борборуна КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия алыш үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

    Агенттиктин окуу борборун кесипкөй тренерлер менен камсыздоо максатында Бүткүл Дүйнөлүк Метеорологиялык уюмунун колдоосу менен бүгүнкү күндө агенттиктин 20 адиси эл аралык стандарт боюнча тастыктама алуу үчүн атайын дистанттык окууда окуп жатышат.

    2016-жылдын 10 айы ичинде Агенттиктин 49 кызматкери жакынкы жана алыскы чет мамлекеттен, ошондой эле 45 кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү тармактарда квалификациясын жогорулатууга жолдонуп, тастыктамаларга ээ болуп, тажрыйбаларын иште колдонуу менен Агенттиктин ишмердүүлүгүн көтөрүү боюнча иштерге салым кошуп жатышкандыгын маалымдайт - агенттиктин пресса кызматы.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 22.09.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.