• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Аза кайгысын биргелешип көтөрүшүбүз керек

    18.01.2017 ж

    Агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Р.Г.Асанходжаев учак кырсыгынынын кесепетинен каза тапкан мекендештерди бир мүнөттүк эскерүү менен жыйынды баштады.Учак кырсыгына байланышкан акыркы маалыматтар тууралуу учкай кеп кылып: “Кыргыз эли оор жоготууга учурап, мекендештерибиздин кабыргасы кайышып турат. Андыктан жалпы журтка түшкөн аза кайгысын биргелешип көтөрүшүбүз керек”-деди.

    Дача СУ айылында болгон учак кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн агенттиктин кызматкерлери бир күндүк айлык маяналарын которуп берүү боюнча чечим кабыл алышты.

    Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин “Чолпон-Ата” Көл обсерваториясы- Окуу борборунда гидрометеорологиялык билимдерди окутуу боюнча агенттиктин кызматкерлерине Бүткүл Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун колдоосунун негизинде эл аралык стандарт боюнча тастыктамалар жана күбөлүктөр, кыргыз тилин окуп үйрөнүү боюнча билим алган 10 кызматкерге тастыктамалар тапшырылды.Ошондой эле агенттиктин Этика боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулган “Кыргызгидрометтин кызматын өнүктүрүү, дараметин көтөрүү” темасында долбоор иштеп чыгуу жана аны жактоо боюнча бардык башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн арасында жарыяланган сынактын, жыйынтыгында кызыктыруучу сыйлык менен Метеорология жана климат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Д.Төлөгөнов сыйланды, 3-орун Гидрометеорологиялык маалымат менен камсыздоонун мамлекеттик кору бөлүмүнө, 2-орун Гидрологиялык болжолдоолор бөлүмүнө жана 1-орун Персоналдарды башкаруу башкармалыгына ыйгарылып, алардын жетекчилерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 22.09.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.