• Чуйская
  • Ошская
  • Нарынская
  • Иссык-Кульская
  • Бишкек и Ош
  • Аба ырайы
  • Контакты
  • МетеоАларм
  • 

    Жыйындагы тапшырмалар

    2017-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору З.С.Итибаев аппараттык жыйын өткөрдү. Жыйында 2017-жылга бекитилген иш пландар боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен маалымат алып, ар бир башкармалыктын жана бөлүмдүн жетекчилерине иш пландагы айрым маселелерди тактоо жана толуктоо боюнча тапшырмаларды берди.Ошондой эле мерчемделген иш чараларды өз убагында аткарылышы катуу көзөмөлгө алынаарын эскертти.

    Мамлекеттик кызматчылар кеңири маалымат алышты

    2017-жылдын 31-январында КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинде жыйын болуп өттү. Жыйында Персоналды башкаруу башкармалыгынын башчысы Н.Т.Жумабаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому боюнча маалымат берүү менен токтомдогу ар бир жобого токтолуп, төмөндөгүдөй кеңири түшүнүктөрдү берди:

    -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө;

    - Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар боюнча;

    - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы боюнча;

    - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө;

    - Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө;

    - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө;

    - Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө;

    - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби боюнча.

    

    mailto: webmaster

    Дата последнего обновления: 22.09.2017
    Телефон доверия: 31 46 63
    Наш адрес:
    Кыргызская Республика
    г.Бишкек, ул.К.Керимбекова, 1
    Факс: 31 46 63
    meteo@meteo.kg
    Теперь граждане Кыргызстана могут обратиться в Агентство по гидрометеорологии при МЧС КР по электронной почте meteo@meteo.kg, срок рассмотрения обращений составляет 14 дней со дня регистрации письменного (электронного) обращения.