Абанын булганышы

Алгылыктуу Орточо булганган Абдан булганган Ашыкча булганган

Адамдын ден соолугу үчүн тобокелчиликти баалоо үчүн абанын сапатынын индексинин шкаласы

Индекс АСИ/AQI КБ 2.5 (мкг/м³) КБ 10 (мкг/м³) Коркунуч деңгээли Түстүү маркировкалоо Сунуштамалар
0–100 0–60 0–100 Коопсуз Жашыл Абанын сапаты коопсуз деп эсептелет. Кадимкидей жашай берсе болот.
101–200 61–150 101–170 Коопсуз эмес Сары Сезимтал топторго (балдар, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар) N95/P2 тибиндеги беткаптарды тагынуу жана сыртта көпкө жүрүүдөн алыс болуу сунушталат. Терезелер жабык болушу керек.
201–400 151–250 171–300 Кооптуу Кызыл Ден соолукка зыян. Бардык тургундарга ачык абада болуу убактысын азайтуу сунушталат. Сыртка чыкканда N95/P2 респираторлорун колдонуу зарыл. Ачык абада физикалык активдүүлүктү чектөө. Чыпкалардын жардамы менен ички абаны тазалоо.
401–500+ 251–500+ 301–500+ Жогорку коркунуч Кызгылт көк Бардык тургундарга өтө зарылчылык болбосо, сыртка чыгууга тыюу салынат. N99/N100 классындагы респираторлорду тагынуу керек. Терезелер жана эшиктер бекем жабылышы зарыл. Аба тазалоочу системалар колдонулушу керек. Аралыктан иштөө режимине которуу жана мектептеги сабактар жокко чыгарылышы мүмкүн.
Арип өлчөмү
Контраст