acts

13-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы 
№ 262 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат (мындан ары - Кыргызгидромет) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) гидрометеорология жана жаратылыш чөйрөсүнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүү жаатындагы иш-чараларды жүргүзүүчү ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

2. Кыргызгидромет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кыргызгидромет мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.

Кыргызгидрометти күтүүгө сарпталган чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Кыргызгидрометтин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.

5. Кыргызгидрометтин толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат";

- расмий тилде: "Гидрометеорологическая служба при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргызгидромет";

- расмий тилде: "Кыргызгидромет".

6. Кыргызгидрометтин юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Керимбеков көч. 1.

2. Кыргызгидрометтин максаты

7. Гидрометеорологиялык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.

3. Кыргызгидрометтин милдеттери

8. Кыргызгидрометтин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- калкты табигый гидрометеорологиялык кубулуштардан коргоо, алар келтириши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу же азайтуу үчүн жаратылыш чөйрөсүнүн мониторингин жүргүзүү;

- кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштарды, аба-ырайын, дарыялардагы суулардын деңгээлин жана суу cактагычтарга кирүүчү суулардын агымын болжолдоо, кар көчкү коркунучу жөнүндө, агрометеорологиялык болжолдорду, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун жогорку жана экстремалдык жогорку деңгээлдеринин болжолдорун түзүү;

- белгиленген тартипте гидрометеорология чөйрөсүндө жана ага жакын тармактарда Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышына жана кар көчкүсүнө каршы коопсуздукка мониторинг жүргүзүү;

- калктын, мамлекеттик органдардын жана экономика тармактарынын гидрометеорологиялык маалыматка жана табигый чөйрөнүн булганышы, анын ичинде кооптуу табигый гидрометеорологиялык кубулуштар жөнүндө маалыматтарга болгон муктаждыктарын канааттандыруу.

4. Кыргызгидрометтин функциялары

9. Кыргызгидромет төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:

- Министрликке төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:

гидрометеорологиялык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык гидрометеорологиялык ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;

- гидрометеорологиялык байкоолордун улуттук тутумун өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;

- түзүлгөн метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык шарттар, Кыргыз Республикасынын аймагында айлана-чөйрөнүн булгануусу, ошондой эле кар көчкү коопсуздугу жөнүндө маалыматка системалык талдоо жүргүзөт жана аны жалпылайт;

- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана маалымат системаларын, мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашырат;

- аба ырайынын, дарыядагы суулардын деңгээлинин, суу сактагычтарга кирүүчү суулардын агымынын, көчкүлөрдүн абалынын, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун экстремалдык жогорку деңгээлдеринин болжолун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн фенологиялык болжолун түзөт;

- өнөр жай-чарбалык объекттерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо гидрометеорологиялык негиздөө, улуттук экономиканын узак мөөнөткө өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматтардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусу жөнүндө маалыматтардын Мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат;

- климаттык, агроклиматтык, гидрологиялык, кар көчкү боюнча илимий-колдонмо жана башка маалымдамаларды түзөт жана басып чыгарууга даярдайт;

- кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар же атмосфералык абанын, суунун, кыртыштын булгануусу менен шартталган табигый кырсыктардын, авариялардын жана катастрофалардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик жана ведомстволук комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;

- Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунда жана КМШга катышкан мамлекеттердин гидрометеорология боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында климат, ага адаптациялоо, климаттык тейлөө жана климат менен байланышкан башка маселелер боюнча улуттук ведомстволор аралык жана региондук комиссиялардын ишине катышат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;

2) жөнгө салуу функциялары:

- метеорологиялык, гидрологиялык, кар көчкү боюнча, гляциологиялык жана агрометеорологиялык шарттардын, айыл чарба жана жайыт өсүмдүктөрүнүн, жаратылыш чөйрөсүнүн абалына, анын ичинде радиациялык абалга системалуу байкоолорду жүргүзөт жана бул маалыматтарды жыйноону, талдоону, жалпылоону камсыз кылат;

- өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү ишке ашырууну, метрологиянын жана стандартташтыруунун эрежелерин сактоону камсыз кылат;

- Бүткүл дүйнөлүк метрология уюмунун Байкоолордун интеграцияланган глобалдык системасынын алкагында эл аралык маалымат алмашууларга катышат;

- күтүлүп жаткан кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар, аба ырайынын болжолу жана алардын чарбалык иштерге тийгизүүчү таасири жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкты маалымдоону камсыз кылат;

- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча) жана аларды суу кадастрын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасы боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алат;

- мөңгүлөргө, кар көчкүлөргө мониторинг жана алардын кадастрларын жүргүзөт;

- суу боюнча Улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышат;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;

3) кызмат көрсөтүү функциялары:

- жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды (метеорологиялык, гидрологиялык, агрометеорологиялык жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын атмосферасындагы булганган заттардын фондук концентрациялары боюнча) мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;

- маалыматтык продукциянын өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

4) колдоо функциялары:

- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;

- Кыргызгидрометтин компетенциясына кирген маселелер боюнча адистештирилген (максаттуу) гидрометеорологиялык камсыздоонун ыкмаларын өнүктүрөт;

- гидрометеорологиялык маалыматтарды жыйноону, иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылуучу шаймандар жана жабдуулар, запастык тетиктер менен байкоо тармактарын жабдуу боюнча иштерди жүргүзөт;

- Кыргызгидрометтин байкоо тармактарынын кызматтык турак имараттарын жана курулмаларын жакшы абалда кармоого колдоо көрсөтүү боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иш-чараларын аткарат;

- кар көчкү коркунучу бар участокторду жана аймактарды экспедициялык изилдөө боюнча иш-чараларга катышат, республиканын аймагындагы калктын жана чарбалык объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кар көчкүнү алдын ала (атайлап) түшүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө корутунду берет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызгидрометтин инженердик-техникалык курамын аттестациялоону уюштурат;

- гидрометеорология жана ага жакын тармактардагы, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусуна мониторинг жүргүзүү жана кар көчкүгө каршы коопсуздук боюнча адистердин квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштурат, тиешелүү иш багытындагы студенттердин өндүрүштүк практикасын камсыздайт;

- эл аралык долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат, бардык келип түшүү булактары боюнча финансылык каражаттардын, инвестициялардын, гуманитардык жардамдардын келип түшүүсүн жана пайдаланылышын эсепке алууну уюштурат;

- Кыргызгидрометтин карамагына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;

- ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

5. Кыргызгидрометтин укуктары

10. Кыргызгидромет ушул Жободо аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга, жалпы юрисдикция дагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;

- гидрометеорология маселелери боюнча иш-чараларга катышуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге белгиленген тартипте өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;

- өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан 200000 (эки жүз миң) сомго чейин резервге ээ болууга;

- белгиленген тартипте уюштуруучулук, өндүрүштүк, финансылык-чарбалык маселелерди чечүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- Кыргызгидрометтин милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен келишим түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

6. Кыргызгидрометтин ишин уюштуруу

11. Кыргызгидрометти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Кыргызгидрометтин директорунун эки орун басары болот. Директордун орун басарлары Кыргызгидрометтин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет, функциялык милдеттерине ылайык Кыргызгидрометтин ишин уюштурат. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

 

12. Кыргызгидрометтин директору:

- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине (жана анын орун басарларына) түздөн-түз баш иет;

- Кыргызгидрометтин ишин жетектейт жана Кыргызгидрометтин милдеттерин жана функцияларын аткаруу жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;

- Кыргызгидрометтин атынан ишеним катсыз чыгат, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргызгидрометтин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызгидрометтин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;

- директордун орун басарларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин бекитет;

- министрге Кыргызгидрометтин түзүмүн жана штаттык санын бекитүүгө киргизет;

- Кыргызгидрометтин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Кыргызгидрометтин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;

- Кыргызгидрометтин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

- Кыргызгидрометтин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыгуучу, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик органдарда, эл аралык жана региондук уюмдарда өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргызгидрометтин атынан чыгат.

- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Мамлекеттик кызматчыларды жана Кыргызгидрометтин кызматкерлерин жумушка кабып алуу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу, Кыргызгидрометтин кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен жөнгө салынат.

14. Гидрометеорология жаатында мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча чечимдерди жамааттык иштеп чыгуу, тармактын ишинин жана аны өнүктүрүүнүн кыйла маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн Кыргызгидрометте Техникалык кеңеш түзүлөт.

15. Кыргызгидрометтин Техникалык кеңешинин курамы жана Техникалык кеңеш жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.

7. Корутунду жоболор

16. Кыргызгидрометтин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Кыргызгидрометтин балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.

17. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык учурдагы чыгымдарга, анын ичинде ишти камсыздоого жана өркүндөтүүгө, материалдык техникалык базаны чыңдоого, кызматкерлердин социалдык-эмгектик мамилелерин жөнгө салууга жана башка иш-чараларга багытталат.

18. Кыргызгидрометти кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

19. Кыргызгидрометтин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтери ал жоюлган учурда, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.