2024-жылдын 29-ноябрында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) жана Дүйнөлүк банктын (ДБ) колдоосу менен Улуттук суу форуму өткөрүлдү. Форумга алдыңкы адистер, мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты климаттын өзгөрүшүнүн шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу жолдорун талкуулоо, ошондой эле уникалдуу Ысык-Көлдү коргоо маселелерин кароо болду. Форумдун маанилүү бөлүгү катышуучуларга суу ресурстары жаатындагы улуттук артыкчылыктар жана суу тармагындагы демилгелерди инвестициялык өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү болду.
Форумга Кыргызгидрометтин директору Нуртемир Зулумович Мурзабеков, директордун орун басары Асилкан Жумалиевна Раманкулова жана гидрология бөлүмүнүн башчысы Мира Майрамбековна Элалоова катышты. Кыргызгидрометтин директору Нуртемир Зулумович Кыргызстандагы суу ресурстарына гидрометеорологиялык мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги өнүгүү багыттарын чагылдырган презентация жасады.
Форумдун маанилүү өзгөчөлүгү мамлекеттик жана илимий мекемелердин, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири катышуусу болду. Бул өлкөнүн суу ресурстарын сактоо маселелерин чечүүдө комплекстүү мамилени иштеп чыгууга өбөлгө түздү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын колдоосу астында өткөрүлүп, бул тема Кыргызстандын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.