ВАКАНСИЯГА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү боюнча «RESILAND CA+» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын текшерүү-калибрлөө лабораториясын ISO/IEC 17025 стандартынын талаптарына ылайык аккредитациялоо процессин колдоо боюнча техникалык эксперт кызматына конкурс жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
-
Метрология, прибор куруу же тиешелүү тармактар боюнча жогорку техникалык билимге ээ болуу;
-
Басым, суу агымынын ылдамдыгы, температура жана нымдуулукту өлчөө жаатында кеминде 4 жылдык иш тажрыйбасынын болушу;
-
Приборлорду калибрлөө жана текшерүү методикаларын билүү;
-
Заманбап өлчөө каражаттарын жана маалыматтарды талдоо ыкмаларын колдоно билүү;
-
Метрология жаатындагы эл аралык жана улуттук стандарттар (ISO, ГОСТ ж.б.) менен иштөө тажрыйбасынын болушу;
-
Өлчөө маалыматтарын иштетүү үчүн программалык камсыздоолор менен иштей билүү;
-
Кыргыз жана орус тилдерин билүү.
Толук техникалык тапшырма менен төмөнкү сайттардан таанышууга болот:
-
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын «Долбоорлор тарабынан жарыяланган конкурстар» бөлүмү.
Документтерди тапшыруу тартиби
Конкурска катышууга кызыкдар талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
-
Кызыкдарчылык кат (письмо заинтересованности);
-
Орус тилинде даярдалган резюме (CV);
-
Тиешелүү дипломдордун жана/же сертификаттардын көчүрмөлөрү.
Документтер 2025-жылдын 28-октябрына чейин (кошуп алганда) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
Электрондук почта: tender.resiland@gmail.com
Документтердин толук топтому жок болгон, белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган же квалификациялык талаптарга жооп бербеген арыздар каралбайт.
Байланыш үчүн маалымат
Уюм: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү, «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» (RESILAND) долбоору.
Кимге: Чынара Бербаевага, Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басарына.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 101/1, 3-кабат, 304-кабинет.
Телефон: +996 312 32 38 65
Электрондук почта: tender.resiland@gmail.com