КМШнын Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 35-жыйыны
2024-жылдын 11–12-сентябрында Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ГМК КМШ) 35-жыйыны болуп өттү. Ага КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук гидрологиялык жана метеорологиялык кызматтарынын (УГМК) жетекчилери катышты.
Жыйындын алкагында гидрометеорология жаатындагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана улуттук гидрометеорологиялык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын атынан Кыргызгидрометтин директору Н. З. Мурзабеков катышты.