КР КМне караштуу Гидрометеорологиялык кызматы (Кыргызгидромет) Кыргыз Респрубликасынын Президентинде болгон 2024-жылдын 18-ноябрында “Бардык сезондуу тоо лыжа кластери” мамлекеттик маанидеги долбоордун алкагында Жыргалаң тоосундагы курулуш иштерин ишке ашыруу жөнүндөгү Кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жыргалаң тоосунун аймагындагы аба-ырайынын абалын көзөмөлдөө, аба-ырайы жөнүндө маалыматты ыкчам түрдө алуу үчүн “Метеостанция” орнотсун” – деген тапшыпрманын негизинде, “Ала-Тоо Резорт” кар көчкү станциясын ачып, кызматкерлерди кабыл алды.
Аталган кар көчкү станциясы туризм тармагында мамлекеттик маанидеги аймакта жайгашкандыгына байланыштуу, ал жерде иштеген кызматкерлердин англис тили боюнча квалификациясын жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкты.
2026-жылдын 28-июлундагы Кыргызгидромет менен Каракол шаарындагы “English Skool” ЖЧК менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде, Англис тили боюнча корпоротивдик экспресс-курс программасынын жардамы менен кызматкерлер квалификациясын жогорулатып жатышат.